Баткенде үч баланын энеси ур-токмоктон көз жумду. Кылмышка жолдошу шектелүүдө

Тергөөнүн жыйынтыгында, келин 31 жаштагы жолдошу менен араздашып кетип каза болгону аныкталды. Окуя Баткендин Базар-Башы кварталында болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Баткен шаарында аялын өлтүрүүгө шектелип жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, 4-январга караган түнү саат 01:00дөр чамасында Баткен облустук ооруканасына Тез жардамдын кызматкерлери 27 жаштагы келинди жеткиришкен.

"Бирок аял ооруканага жеткенге чейин эле жан берген. Ыкчам тергөө тобу ооруканадан келиндин сөөгүн карап, анын колу менен буттарынын териси күйүктөн шылынып калганын көрүшкөн", — деп жазылат маалыматта.

Күйөөм оорудум деп анткорлонуп жүрүптүр. Алданган келиндин каты
Тергөөнүн жыйынтыгында, келин 31 жаштагы жолдошу менен араздашып кетип каза болгону аныкталды. Окуя Баткендин Базар-Башы кварталында болгон.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренесинин 1-бөлүмү ("Адам өлтүрүү") менен каттоого алынып, сотко чейинки териштирүү иштери башталды.

Келиндин жолдошу кармалды. Жубайлардын ортосунда үч баласы бар.