Россия ОБСЕнин көңүлүн Sputnik Эстониянын айланасындагы кырдаалга бурду

Буга чейин "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттиги эл аралык жана европалык уюмдарды Эстония бийлигинин аракетине карата өз позициясын билдирүүгө чакырган.
Sputnik

БИШКЕК, 3-янв. – Sputnik. Россиянын Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы (ОБСЕ) туруктуу өкүлчүлүгү уюмдун ЖМКлардын эркиндиги боюнча маселелерди караган өкүлүнүн көңүлүн Sputnik Эстония сайтынын айланасындагы кырдаалга бурду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Буга чейин Эстониянын бийлиги редакциянын журналисттерин беш жылга чейин эркинен ажыратуу беренеси менен коркуткандыктан кызматкерлер жыл башынан тарта эмгек келишимин үзүүгө мажбур болушкан.

"Sputnik International Estonia редакциясынын айланасындагы кырдаал начарлап бара жатат. Буга чейин ЖМКлардын эркиндиги боюнча ОБСЕ өкүлү окуяга тыкыр көз салып турарын убадалаган эле. Журналисттер эстон бийлигинин кысымынан улам жумуштан кетүүгө аргасыз болууда. Эстониянын мындай аракети ОБСЕ алкагындагы милдеттерине каршы келет. ЖМКлардын эркиндиги боюнча ОБСЕнин өкүлүнүн үн катышын күтөбүз", — дешти өкүлчүлүктөн.

Россия Sputnik Эстония кызматкерлеринин кысымга алынышына комплекстүү жооп берет
"Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттиги бардык эл аралык жана европалык уюмдарды Эстония бийлигинин аракетине өз позициясын билдирүүгө чакырып, БУУга, Евробиримдикке, ОБСЕге, Европарламентке жана "Репортёрам без границ" уюмуна кайрылган.

Эске салсак, Эстония бийлиги Sputnik Эстониянын журналисттерине кысым жасап, полиция эгер алар иштен бошонуп кетпесе кылмыш ишин ачууну айтып коркутканы белгилүү болгон.

Таллин мындай кадамын Евробиримдик 2014-жылы Украинада болгон окуялардан кийин жеке жана юридикалык жактарга салган санкцияларга негиздеген.

Мындан улам "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин аткаруучу директору Кирилл Вышинский Sputnik Эстонияны колдогон флешмоб жарыялаган. Сары түстөгү жилет #SputnikКүч акциясынын символу болуп, англисче "Got You Covered" (Бизге таян!) деп жазылган.