Баракелде! Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын баасы өстү

2019-жылдын 3-январында кыргыз футболчуларынын башка жерге барып ойногон баасы 2 миллион 75 миң еврого барабар эле. Белгилей кетсек, бардык оюнчулар эмес, тогузу гана бааланган. Алардын ичинен эң кымбаты команданын капитаны Валерий Кичин (1,2 миллион евро) болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Бир жыл ичинде Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчуларынын баасы эки эсеге өсүп, 4 миллион еврого жетти. Мындай маалыматты германиялык Transfermarkt.de порталы жарыялады. 

Баракелде! Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын баасы өстү

Эске салсак, былтыркы жылдын 3-январында кыргыз футболчуларынын башка жерге барып ойногон баасы 2 миллион 75 миң еврого барабар эле. Белгилей кетсек, бардык оюнчулар эмес, тогузу гана бааланган. Алардын ичинен эң кымбаты команданын капитаны Валерий Кичин (1,2 миллион евро) болчу.

"Өзүм тандадым". Футболчу Азамат Байматов малайзиялык клубга өттү
Акырындык менен футболчулардын баасы жана оюнчулардын саны дагы өстү.

Бул жолу 23 футболчу тизмектелип, алардын жалпы баасы  4 миллион 125 миң еврого жетти. Эң кымбаты — мурдагыдай эле Валерий Кичин (1,2 миллион, ноябрь айында 300 миңге кымбатыраак бааланды). Анын артында эле Гүлжигит Алыкулов (400 миң евро) менен Тамирлан Козубаев (275 миң евро)  турат.

Былтыркы жылы Кыргызстандын курама командасы Азия кубогунда ойноп, плей-оффго чейин жете алган. Бирок акырында чемпионат ээлерине  - Бириккен Араб эмирлигине утулуп калышкан. Ошондой эле Дүйнө чемпионатына тандап алуу турунун алкагында азырынча беш оюн өткөрдү. Алардын экөөнү жеңип, экөөндө жеңилип, биринде теңме-тең чыккан.