Корккон, кубанган залкар актер. Орозбек Кутманалиевдин сүрөттө калган ирмемдери

Sputnik

Орозбек Кутманалиев 1932-жылы 10-майда Чүй облусунун Сокулук районундагы Шалта айылында жарык дүйнөгө келген. Ыр-күүгө жакын өспүрүм мектепте окуп жүргөндө эле элдик чыгармачылыкка жакын болгон. Кийин бойго жеткенде эмгек жолун борбор калаадагы Куурчак театрынан баштап, 1965-жылдан тарта Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда солист, 1969-жылы Кыргыз телекөрсөтүү жана радиоуктуруу комитетинде режиссёр, диктор болуп эмгектенген.

"Кыргыз кереметинин" жылдызы өчүп... Болот Шамшиевдин сүрөттө калган ирмемдери
Кыргыз Республикасынын эл артисти өзүнүн чыгармачылык жолунда "Ак кеме", "Эрте келген турналар", "Ак мөөр", "Бөрү зындан", "Махабат дастаны" өңдүү 20га жакын фильмде образ жараткан.

Жеке жашоосунда Кутманалиев радиодо иштеп жүргөн кезинде колуктусунан айрылып, беш бала менен жалгыз калган. Кийин кесиптешине үйлөнүп, алты балалуу болгон. Жубайлар 35 жыл чогуу жашап алты кыз, беш уулду тарбиялаган. Залкар артист 15 жыл мурда оорудан улам 73 жашында көз жумган. Быйыл анын көзү тирүү болгондо 88 жашка толмок.

1 / 11
Орозбек Кутманалиев эмгек жолун Куурчак театрынан баштаган
2 / 11
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов менен Кутманалиев "Ак кеме" тасмасын тартуу маалында
3 / 11
Орозбек Кутманалиевдин образдарынын эле эмес, тамашанын да көркүн чыгарган адам болгондугун айтышат
4 / 11
Режиссер Болот Шамшиевдин "Бөрү зындан" тасмасы
5 / 11
Зөөкүр Орозкулдун образындагы талант, 1975-жыл
6 / 11
Кутманалиевдин талантынын күчү - көрүүчүнү таланты менен ыйлата да, күлдүрө да ала тургандыгында болчу
7 / 11
"Ак кеме" тасмасындагы Сабира Күмүшалиева менен Орозбек Кутманалиев
8 / 11
Кыргыз Республикасынын эл артисти 20га жакын фильмде роль аткарган
9 / 11
Режиссер Төлөмүш Океевдин "Кожожаш" тасмасы, 1984-жыл.
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Орозбек Кутманалиевдин кезектеги образы

10 / 11
Актер радиодо иштеп жүргөндө колуктусунан айрылып, беш бала менен жалгыз калган. Кийин кесиптешине үйлөнүп, алты балалуу болгон.
11 / 11
Көп кырдуу талант ээсинин көзү тирүү болгондо быйыл 88 жашка толмок.