Бир жылда алтындын баасы канча өзгөргөн. Кыргызстанда андан акча жасаса болобу?

Кыргызстандын Улуттук банкы жыл башында алтын сатып алып, жыл аягында аны кайра сатса бир топ каражат чыгып калат.
Sputnik

БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Улуттук банктын уютулган алтындарынын баасы жыл ичинде бир топ өскөндүгүн аталган мекемеден кабарлашты.

Эске салсак, 2015-жылдан тарта Улуттук банк алтын куймаларын сатыкка чыгара баштаган. Бул кыргызстандыктардын топтогон акчасын алтынга салууга көмөктөшүү максатында жасалган. Алар алты уютмадан турат, салмагы бирден тарта 10 граммга чейин. 

Бир жылда алтындын баасы канча өзгөргөн. Кыргызстанда андан акча жасаса болобу?

Улуттук банктагы алтын запасынын баасы акыркы жылдары 4 эсе өстү
Мамлекеттин башкы банкы алтын уютмаларын элге сатпастан, аны сатып да алат. Бааны алар өздөрү Лондондогу Баалуу металлдар ассоциациясынын кечки фиксингине карата ар күн сайын коюп турат.

Белгилей кетсек, баа бир топ өскөн.

Салыштыруу үчүн 8-январдан (иш башталган күн) 31-декабрга чейинки бааларды карап көрүүгө болот. Ошентип, Улуттук банктын маалыматына таянып, жыл башында алтын уютмасын сатып алып, ал эми жыл аягында өздөрүнө кайра сатканда канча акча табууга болорун эсептеп көрдүк.

  • 1 грамм — 465.5 сом;
  • 2 грамм — 944 сом;
  • 5 грамм — 2 339 сом;
  • 10 грамм — 4 836 сом;
  • 31,1 грамм (троялык унция) — 13 651 сом;
  • 100 грамм — 40 173,5 сом.

Бул мезгил ичинде Лондондогу ассоциацияда троялык унциянын наркы 1 286.45 доллардан 1 523 долларга өскөн. Тагыраагы, 236 доллар 55 цент болгон.

Айтмакчы, Улуттук банк 221 килограмм алтын куймаларын сатып, кайра 125 килограмм алтынды сатып алган.