Сауд Аравия кыргызстандыктар үчүн ажылык квотасын көбөйттү. Муфтияттын маалыматы

Быйыл эки тарап сүйлөшүп, 6110 квота бөлүүнү макулдашты, ал эми өткөн жылы Сауд Аравия кыргызстандык зыяратчыларга 5485 квота берген.
Sputnik

БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Сауд Аравия падышачылыгы быйыл кыргызстандыктардын ажыга баруусуна 6110 квота бөлүп берди. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматынан кабарлашты.

Быйыл ажылык сапарга баруу үчүн 7000ден ашык киши каттоодон өттү
30-декабрда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы Максатбек ажы Токтомушев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов, Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Курманбек Акышев Мекке шаарына 2020-жылдагы ажылык боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн учуп кеткен. Ал жактан кыргызстандык делегация Сауд Аравиянын ажылык министринин орун басары, доктор Абдель Фаттах бин Сулейман Машад менен жолуккан.  Өткөн жылдагы ажылыктын уюуштуруу иштерине баа беришкен.

Мындан сырткары, быйылкы жылдагы ажылык боюнча келишимге кол коюлуп, Кыргызстан 6110 квотага ээ болду.

Ал эми 2019-жылы кыргызстандык зыяратчылар 5485 квота алган.