Борбор калаада жеңил атлетика боюнча өлкө биринчилиги өтөт

Спортчулар өлкө биринчилигинде түрдүү аралыкка чуркап, алыстыкка, бийиктикке секирип жана ядро ыргытып ат салышат.
Sputnik

БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Борбор калаада жеңил атлетика боюнча жабык имарат ичинде чемпионат уюштурулат. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан билдиришти.

Намыска жараган Айсулуу, топ жарган Улукбек. Быйылкы чемпиондордун тизмеси
Маалыматка ылайык, мелдеш 10-11-январь күндөрү Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын манежинде болот. Ага өлкө аймагынан чогулган 15-16 жаштагы өспүрүмдөр, 18 жаштан жогорку курактагы кыздар жана балдар катышат.

Спортчулар 3000, 1500, 800, 400, 200, 60 метр аралыкка чуркап, алыстыкка, бийиктикке секирип жана ядро ыргытып ат салышат.