Бийликтеги 20 жыл. Путиндин уникалдуу сүрөт жана видеолору жарыяланды

Буга чейин президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков өлкө башчынын фотографтары менен операторлору тарткан кызыктуу сүрөт, виделор жарыяланарын айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путиндин бийликке келгенине 20 жыл болгонуна байланыштуу эң кызыктуу архивдик кадрлар жарыяланды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Буга чейин президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков бул датага карата өлкө башчынын фотографтары менен операторлору тарткан кызыктуу сүрөт, виделор жарыяланарын айткан.

Владимир Путин хоккей жылдыздары менен музга чыкты. Видео
Уникалдуу 600 сүрөт менен 100 видеоролик "Путин. 20 лет" (20.kremlin.ru) сайтында жүктөлгөн.

Макалада айтылганына караганда, сүрөттөрдү катары менен карап чыгууга 2,5 сааттай убакыт кетет.

Песковдун айтымында, сүрөт менен видеолордо Путин өлкө жана өкмөт башында турган кездеги кызыктуу учурлар көрсөтүлгөн.

Алгачкы кадрларда Борис Ельцин президенттик милдетти Путинге өткөрүп берип жаткан ирмемдер көрсөтүлгөн. Ошол эле жерде дагы бир тарыхый окуяны көрүүгө болот. Тагыраагы, мурдагы президент мураскерине өзөктүк чемодан менен Баш мыйзамдын бир нускасын өткөрүп берип жаткан учур чагылдырылган.

Ельциндин отставкасынан кийин Путин экөөнүн Кремлден чыгып бара жаткан сүрөтүндө "Владимир Путиндин жаңы макамы анын иш графигин өзгөртүп койду көрүнөт", — деп жазылган.

​Ошондой эле сайтта Путиндин өлкө башчылыгына талапкер катары алгачкы күбөлүгүн кармап турган сүрөтү бар.

2000-жылдын февраль айында Түндүк Атлантика альянсынын башкы катчысы менен Россия — НАТО багыты боюнча келишимдерге кол коюлган.

"Бул багытта артыкчылык аскердик система менен стратегиялык концепцияны салыштырууга берилиши керек", — деп жазылган Путин менен башкы катчынын сүрөтүнүн алдына.

Путиндин алгачкы президенттик жылдарына Түндүк Кавказдагы окуялар, "Курсктун" чөгүшү, террордук чабуулдар сыяктуу окуялар сыноо иретинде берилгени айтылат.

Архивдик сүрөттөрдүн арасынан Путинди Сергей Шойгудан белекке алган Кони аттуу ити менен көрүүгө болот. Баса, жаныбар кийин Путин расмий жолугушууларды өткөрүп жаткан жерлерге кирип келген учурлар болгон.

​Мындан тышкары, Путинди чет өлкөлүк кесиптештери жана маданият өкүлдөрү менен түшкөн сүрөттөрү бар.

Албетте президенттин иштен тышкаркы, эс алуу учурундагы кадрларын дагы көрүүгө болот.