Sputnik Эстониянын журналисттери бийликтин кысымынан улам жумуштан кетип жатат

Эстония бийлиги журналисттерине кысым жасап, эгер иштен бошонуп кетпесе кылмыш ишин ачууну айтып коркутууда.
Sputnik

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Бийлик тарабынан кылмыш ишин козгоо жөнүндө коркутуулар болуп жаткандыктан Sputnik Эстониянын кызматкерлери 1-январдан тарта жумушун тапшырат. Бул тууралуу Sputnik Эстония агенттиги билдирди.

Маалыматта кызматкерлердин редакция менен түзүлгөн эмгек келишими 2020-жылдын 1-январынан тарта үзүлө турганы айтылат.

"Эстониянын бийлиги редакциянын журналисттерин беш жылга чейин эркинен ажыратуу беренеси менен коркуткандыктан эмгек келишимин үзүүгө мажбур болушууда. Sputnik Эстония жана "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттиги өзүнүн кызматкерлеринин мындай чечимин колдойт. Себеби адамдардын эркиндигин тобокелчиликке салуу туура эмес деп эсептейт, — деп айтылат маалыматта.

Редакциянын жумушу токтотулду, бирок келечекте Sputnik Эстония сайты кайра ишин улантары айтылат. Кырдаалды жөнгө салуу үчүн убакыт талап кылынары белгиленди.

Киселев Sputnik Эстонияны колдоп флешмобго катышты
Эске салсак, Эстония бийлиги Sputnik Эстониянын журналисттерине кысым жасап, полиция эгер алар иштен бошонуп кетпесе кылмыш ишин ачууну айтып коркутканы белгилүү болгон. Бул тууралуу агенттиктин маалымат кызматынан кабарлашкан.

Таллин мындай кадамын Евробиримдик 2014-жылы Украинада болгон окуялардан кийин жеке жана юридикалык жактарга салган санкцияларга негиздеген.

Мындан улам "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин аткаруучу директору Кирилл Вышинский Sputnik Эстонияны колдогон флешмоб жарыялаган. Сары түстөгү жилет #SputnikКүч акциясынын символу болуп, англисче "Got You Covered" (Бизге таян!) деп жазылган.