Туткундарды алмашуу. Күбөлөр Украинанын атайын кызматынын кыйноолору тууралуу

Киевдин версиясы боюнча Олег Недавнейдин "Мангуст" деп аталган тобуна кирген бул төрт киши 2014-жылдын августунда кармалган. Бирок беш жылга созулган тергөөнүн натыйжасында алардын күнөөсүн далилдөө мүмкүн болгон эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Мариуполдун тергөө абагында жаткан төрт донбасстык жаран Украинанын коопсуздук кызматы (УКК) жана "Азов" батальону көрсөткөн кыйноолор боюнча Украина бийлигин кылмыш ишин козгоого аргасыз кылган. Бул тууралуу кармалгандардын өздөрү жана алардын адвокаты билдиргенин РИА Новости жазды.

"Норманд саммити" соңуна чыкты. Зеленскийдин кийинки кадамы кандай болот
Вячеслав Бирюков, Александр Стельникович, Виктор Скрипник менен Евгений Дружининди Киев 2014-жылдын 9-майында аскердик кагылышууга тиешеси бар деп шектеп келген.

Киевдин версиясы боюнча, Олег Недавнейдин "Мангуст" деп аталган тобуна кирген бул төрт киши 2014-жылдын августунда кармалган. Бирок беш жылга созулган тергөөнүн натыйжасында алардын күнөөсүн далилдөө мүмкүн болгон эмес.

Бул убакыт аралыгында шектүүлөр кыйноого кабылган. Мындай ыкма менен Украинанын коопсуздук кызматы жана "Азов" батальону коюлган айыпты мойнуна алышын талап кылышкан.

"Аябай көп таякташты, бычак менен бутка сайгылашчу. Автомат менен бетке урган учурлар болду. Топтой эле тепкилешти. Муунтуп, асып койгон учурлары да болду. Бул үчүн шыпта атайын илгич бар болчу", — деп айтып берген Бирюков.

Анын билдирүүсү боюнча, мындай жосундар УККнын Мариуполдогу жер төлөсүндө жасалып келген.

"Азов" батальону күн сайын түндө келип, бизди мазактап кетчү", — деген туткун.

Ал эми Александр Стельникович Мариуполдун аэропортундагы мыйзамсыз абакта да жаткан.

"Көп учурда адамдарды кыйноо үчүн бир-эки жумага алып келишчү, ушул жерден көп нерсени моюнга илип коюшчу. Көп адам жабыркады", — деген ал.

Бул төрт адам бийликти кылмыш ишин козгоого мажбур кылды. Ушу тапта Донецк прокуратурасынын тергөө башкармалыгы иштеп жатат.

Белгилей кетсек, Украина менен өзүн өзү жарыялаган Донецк жана Луганск республикаларынын ортосунда туткун алмашуу жүрдү. Украина ДЭР менен ЛЭРге 120 киши өткөрүп берсе, Донбасс Киевге 76 адамды тапшырды.