Тамак температура алты градустан өйдө болсо эле бузула баштайт. Ошондуктан керек болсо ошол учурда эле желип кеткендей кылып тамак даярдаңыздар. Бул тууралуу Мырзабек Рысбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, майонез же башка кошулмаларды ченеми менен колдонгон зыян эмес.
"Жыл сайын майрамга карата дасторконго символикалык тамактарды койгонго аракет кылабыз. Алсак, келе жаткан жылдын ээси чычкан бардык нерсени жеген жаныбар. Көлөмү кичинекей, тамакты аз-аздан жейт эмеспи. Мына ошол сыяктуу эле тамактын бир нече түрүн кичинекей порциядан койгон туура болот. Негизи адам алты сааттын ичинде бир килограмм тамак жей алат. Ошондуктан дасторконго аны деле, муну деле кое бербестен, коноктун санына жараша эсептеп даярдаган оң. Кийинки күнгө калып калган тамакты жеген кооптуу. Көнүп калгандай эле үй кожойкелери оливье менен винегретти сөзсүз жасашат. Салаттарга майлуулугу аз майонезди колдонгон жакшы. Ал эми винегреттин калориясы көп деле эмес. Бул жылы эксперимент жасап көрүңүздөр. Кызылча абдан пайдалуу, витаминдүү азык. Аны фольгага ороп мешке бир аз кармап, чыгарып, туураңыздар. Ошол эле ыкмада грек жаңгагын мешке салсаңыз, анын даамы ачылат. Эки азыкты крем бальзамик менен аралаштырып, сыр себелеп, ага киви же чөп-чар, андан башка фантазияга жараша азыктарды кошо берсе болот", — деди Рысбаев.
Ашпозчу ар бир нерсени өз нормасында колдонуу эч кандай терс таасирин тийгизбей турганын кошумчалады.