Жылынам деп... Ноокатта милиция тандырдын ичинде күйүп жаткан кишини сактап калды

Эркек киши милицияга сыртта катуу суук болуп үшүгөндүктөн тандырдын ичине кирип жатканын айтып берген. Чогу өчпөгөндүктөн түтүнгө ууланып эс-учун жоготуп койгондугу, анын кесепетинен кийими күйгөнү кошумчаланды.
Sputnik

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Ноокатта милиция кызматкерлери самсы бышырган тандырдын ичинде күйүп жаткан кишини сактап калышты. Бул туурасында Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

Жылынам деп... Ноокатта милиция тандырдын ичинде күйүп жаткан кишини сактап калды

Окуя 28-декабарга караган түнү саат 1:15те болгон. Анда түнкү рейдге чыккан милиционерлер көчөдөгү самсы жапкан тандырдын ичи түтөп жатканын байкап калышкан.

"Шек санаган кызматкерлер тандырдын ичин карашканда ичинде эс-учун жоготкон кишини жана анын кийимдери күйүп баштаганын көрүшкөн. Милиция кызматкерлери аны сыртка алып чыгып, алгачкы медициналык жардам көрсөтүшкөн. Учурда жаран Ноокат райондук ооруканасында дарыланып жатат", — деп айтылат маалыматта.
Жылынам деп... Ноокатта милиция тандырдын ичинде күйүп жаткан кишини сактап калды

Эркек киши милицияга сыртта катуу суук болуп үшүгөндүктөн тандырдын ичине кирип алганын айтып берген. Бирок чогу өчпөгөндүктөн ал кишинин түтүнгө ууланып эс-учун жоготуп койгондугу, анын кесепетинен кийими күйгөнү кошумчаланды.

Аман калган адам Баткен облусунун Кадамжай районунун 1982-жылы туулган А.А. аттуу тургуну экендиги аныкталган.

Маалыматта түнкү рейд Ош облусунун бардык райондорунда жума сайын жүргүзүлүп турары айтылат.