Алматы: Сабырбек Жумабеков авиакырсыкка кабылгандарга түндө операция жасады. Сүрөт

Белгилүү дарыгер 28-декабрга караган түнү хирургдар тобу менен жабырлануучуларга татаал операция жасады.
Sputnik

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси, академик Сабырбек Жумабеков Казакстандын Алматы шаарына жакын жердеги авиакырсыктан жабыркагандарга операция жасады.

Эске салсак, академик 28-декабрга караган түнү бул максатта Алматы шаарына чыгып кеткен.

Жумабеков өзү түнкү саат экиде бир операция жасаганын билдирип, иш учурунда тартылган сүрөттөрдү жиберди. Бирок дарыгердин убактысы тар болгондуктан канча адамга жана кандай операциялар жасалганын тактоого мүмкүн болгон жок. 

Алматы: Сабырбек Жумабеков авиакырсыкка кабылгандарга түндө операция жасады. Сүрөт

Каргашанын чоо-жайы

Элге бүлүк салып, 12 адамдын өмүрүн алган авиакырсыктын хронологиясы. Видео
27-декабрь күнү Алматы шаарынан Нур-Султанды көздөй багыт алган учак абага көтөрүлгөндөн кийин эки кабаттуу бетон курулушту сүзүп кырсыктаган. Анын кесепетинен 12 киши каза тапты, арасында экипаждын командири да бар.

Буга чейин КР президенти Сооронбай Жээнбеков адам өмүрүн алган каргашага байланыштуу Казакстандын өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаевге көңүл айткан телеграмма жолдогону маалым.

Ал эми бүгүн, 28-декабрда, Казакстанда аза күтүү күнү.