Шайлоо өзү кымбат нерсе. Биз кедей партиябыз дегендер болбойт. Шайлоого каражаты бар адам чыгат. Мындай пикирин Алмазбек Баатырбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 2020-жылы боло турган парламенттик шайлоого талапкерлер мурдагыдан да көп акча коротушу толук мүмкүн.
"Шайлоо — бул кымбат нерсе. Ага аттанган адамдын каражаты сөзсүз болот. Тигил партияда жалаң ишкерлер, биз кедей партиябыз деген сөздөр суу кечпеген жарнамалык кадамдар. Анткени акчасы көп деп 2015-жылкы шайлоодо биздин партия аталды эле, бирок үгүт учурунда бизде буклеттерибиз тартыш болуп аймактарга тарата албай жатсак, тик учак менен асмандан үгүт кагаздарын чачкан саясий күчтөр да болгонун көрдүк. Андыктан элден суранарым, добуш сатып алып жатат деп жерибей, алардын берген акчасын алып койгон учурда да, тандоону чын жүрөгүнөн жасашса туура болот. Өлкө муфтийи мындан мурдагы парламенттик шайлоо учурунда "добуш сатып алган да, саткан да күнөө" деп айтты эле. Ушуну эстен чыгарбасак", — деди Баатырбеков.
Депутат ушундай жол менен гана эл өзү шайлоо өнөктүгүнүн таза өтүшүн камсыздай ала тургандыгын кошумчалады.