Учак Алматы — Нур-Султан каттамы боюнча багыт алып, абага көтөрүлгөндөн кийин радардан жоголуп кеткен. Саат 7:22 чамасында учактын Кызылту айылына кулап түшкөнү кабарланды.
Кырсык болгон жерде өкмөттүк комиссия иштеп жатат. Казакстандын вице-премьери Роман Скляр учуп-конуу тилкесинде аба кемесинин куйругу 300-400 метр аралык менен эки жолу тийгени боюнча из бар экенин билдирди. Муну менен учак абага көтөрүлүп жатканда куйругу эки ирет жерге урунганын түшүнүүгө болот. Учуп-конуу тилкесинен чыккандан кийин оң жакка бурулган.
"Шассиси ичкери киргизилип, самолет учуп кетүүгө аракет кылган. Бирок ыкчам түрүндө оң жакка бурулуп кетип, учак турак жай менен дарбазанын үстүнө түшкөн. Ал үйдүн ичинде эч ким болгон эмес. Аба кемеси экиге бөлүнүп калган. Көбүнчө алды жагында отурган жүргүнчүлөр каза болгон", — деп айткан вице-премьер маалымат жыйында.
Каргашанын кесепетинен 12 адам каза болгон, анын ичинде экипаждын командири бар. Ал эми 49 адам жаракат алып ооруканага жеткирилген. Алардын 18инин абалы оор, калганына медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүлүүдө. Жүргүнчүлөрдүн арасында бир кыргызстандык болгон, анын абалы канааттандырарлык.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.