Шыкмаматовдун ордуна жаңы депутат келди. Сүрөт

Шыкмаматов партия лидери Өмүрбек Текебаев менен пикир келишпестик жаралып, уюмдун катарынан чыкканын жар салган.
Sputnik

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясына партиялык тизме аркылуу келген Нурбек Сыдыгалиев депутаттык мандат алды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Сыдыгалиев өз арызы менен мандатын тапшырып берген Алмамбет Шыкмаматовдун ордуна келди.