БШК Алмамбет Шыкмаматовду депутаттык мандатынан ажыратты

Шыкмаматовдун мындай кадамына партия лидери Өмүрбек Текебаев менен жаралган пикир келишпестик себеп болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. "Ата Мекен" фракциясынын лидери болуп турган Алмамбет Шыкмаматов депутаттык мандатынан ажыратылды. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Маалыматка ылайык, Шыкмаматов өзү БШКга мандатын тапшыруу боюнча арыз жазган. Натыйжада комиссия мүчөлөрүнүн чечими менен Жогорку Кеңештин депутаты укугунан ажыратылды.

Шыкмаматовдун мындай кадамына партия лидери Өмүрбек Текебаев менен жаралган пикир келишпестик себеп болгон.