Ысык-Көлдүн №38 өрттөн куткаруу бөлүгү жаңы имаратка ээ болду

Аталган бөлүк авариялык-куткаруу иштеринин ыкчамдыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу планынын алкагында ишке ашырылды.
Sputnik

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Тоң районунда №38 өрттөн куткаруу бөлүгүнүн жаңы имараты ишке берилгенин ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

ӨКМ Япониядан 263 миң долларлык жабдуу алды. Сүрөт
Аталган бөлүк авариялык-куткаруу иштеринин ыкчамдыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу планынын алкагында ишке ашырылды. Буга чейин Ош шаарында № 29, Талас облусунун Манас районундагы №100 бөлүктөрү, ошондой эле Бишкек-Ош автоунаа жолунун 154-чакырымындагы куткаруу кызматынын ачылыш аземи болгон.

Тоң районундагы жаңы бөлүктө эки ѳрт ѳчүрүүчү автоунаа жана бир авариялык куткаруу автоунаасы тийиштүү шаймандары менен жайгашкан. Курулуш иштери жалпысынан 1,7 миллион сомго каржыланды.