Бишкекте Кытайдын 70 жылдыгына карата конференция өтөт

Иш-чара эртең, 25-декабрда, Кыргыз-орус Славян университетинин башкы корпусунда саат 10.00дө башталат.
Sputnik

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Кытай Эл Республикасынын 70 жылдыгына карата "Кыргыз-Кытай: тарых жана азыркы заман" деген аталышта жогорку окуу жайлар арасында илимий-практикалык конференция өтөт.

Өкмөт кыргыз-кытай мамилеси болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлге жеткенин айтты
Иш-чара эртең, 25-декабрда, Кыргыз-орус Славян университетинин башкы корпусунда саат 10.00дө башталып,  мугалимдер жана студенттер катышат.

Анда укук, саясат жана экономика жаатындагы кыргыз-кытай алакасы тууралуу маселе ортого салынат. Ошондой эле Кытайдын тарыхы жана маданияты жөнүндө кеп болмокчу.