Өткөн суткада чыккан өрт эки адамдын өмүрүн алып кетти, бири 6 жаштагы кыз

Биринчи өрттө 51 жаштагы жаран каза болсо, экинчисинде алты жашар наристе көз жумду. Экинчи учурда өрт электр буюмдарын туура эмес колдонуунун кесепетинен келип чыкканы айтылууда.
Sputnik

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда болгон эки өрт  чоң адам менен кичинекей кыздын өмүрүн алып кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Өспүрүм компьютердин жарылышынан каза таптыбы? Милициянын жообу
Биринчи өрт кечээ, 23-декабрда, саат 6.30да Кант шаарындагы Западная көчөсүндө болду. Турак үйдө 25 чарчы метр аянт күйүп, ичинде калган 51 жаштагы жаран көз жумду. Өрттүн себептери такталып жатат.

Экинчи каргашалуу окуя Жалал-Абад облусунун Казарман айылында катталды. Саат 18.30да Казымбаев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде парда күйүп, жыйынтыгында алты жашар кыз чарчап калды. Өрт электр буюмдарын туура эмес колдонуунун кесепетинен келип чыккан.