Касым-Жомарт Токаев: Болот Шамшиевдин элеси эсибизде түбөлүк сакталып калат

Кыргыз киносунун корифейи Болот Шамшиев Бишкек шаарында 2019-жылдын 21-декабрында 78 жашында оорудан улам дүйнө салган.
Sputnik

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев белгилүү кинорежиссёр Болот Шамшиевдин каза болгонуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу казак президентинин маалымат кызматы билдирди.

Көңүл айтуу телеграммасында Болот Шамшиев дүйнөлүк киноискусттводо өчпөс из калтырганын белгилеген.

"Болот Шамшиев эки элдин ортосундагы достукту чыңдоо үчүн чоң эмгек жасады. Анын казактын классикалык адабий жана драматургиялык чыгармаларын экрандаштыруусу Казакстан менен Кыргызстандын элинин жалпы маданий мурасы болуп калды. Болот Шамшиевдин элеси биздин эсибизде түбөлүк сакталып калат", — деп айтылат телеграммада.

Болотбек Шамшиев менен коштошуу зыйнаты. Видео
Кыргыз киносунун корифейи Болот Шамшиев Бишкек шаарында 2019-жылдын 21-декабрында 78 жашында оорудан улам дүйнө салган.

Аны менен коштошуу зыйнаты Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында өтүп, сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.

Белгилүү кинорежиссёр Шамшиев "Кыргыз кино кереметинин" негиздөөчүлөрүнүн бири, СССРдин эл артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты жана башка сыйлыктары бар.