Болот Шамшиевди акыркы сапарга кантип узатышты? 12 ирмем

Sputnik

Президент Жээнбековдун атынан көңүл айтуу окулуп, анда режиссёрлук таланты улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары аркылуу толук ачылып, ал XX кылымдын киноклассиктеринин бири болуп калганы белгиленди.

13 жыл көңүл бурбай коюшту. Болот Шамшиев менен коштошуудагы ачуу сөз. Видео
Андан сырткары, анын үзөнгүлөштөрү, достору, замандаштары, КРдеги элчиликтин өкүлдөрү сүйлөп, эскерүү сөздөрүн айтты.

Шамшиев Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду. Ага топурак салганы Сооронбай Жээнбеков да барды.

Шамшиев 2019-жылдын 21-декабрында 78 жаш курагында ооруп каза болгон.

1 / 12
2019-жылы 24-декабрда кыргыз кино өнөрүн дүйнөлүк деңгээлге алып чыккан залкар режиссёрлордун бири Болот Шамшиев менен кыргызстандыктар түбөлүккө коштошту
2 / 12
Акыркы сапарга узатуу зыйнатына мамлекеттик кызматкерлер, коомдук ишмерлерден сырткары жөнөкөй жарандар да келди
3 / 12
Болот Шамшиевден айрылуу жакындары үчүн да оор болду
4 / 12
Президент Жээнбековдун атынан көңүл айтууну президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев окуду
5 / 12
Акыркы сапарга узатуу зыйнатындагы Ардак кароол
6 / 12
Шамшиевдин зыйнатына мамлекеттик кызматкерлер, коомдук ишмерлер келди
7 / 12
КРдеги элчиликтин өкүлдөрү улуу режиссёр менен коштошту
8 / 12
Шамшиев Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду
9 / 12
Шамшиевге топурак салганы Сооронбай Жээнбеков да барды
10 / 12
Калың элдин арасында адабияттын, илимдин өкүлдөрү да болду. Сүрөттө: драматург Бексултан Жакиев менен коомдук ишмер Аскар Какеев
11 / 12
2019-жылы 24-декабрда кыргыз кино өнөрүн дүйнөлүк деңгээлге алып чыккан залкар режиссёрлордун бири Болот Шамшиев дүйнө салды
12 / 12
"Шамшиевдин режиссёрлук таланты улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары аркылуу толук ачылып, ал XX кылымдын киноклассиктеринин бири болуп калды" дешти