13 жыл көңүл бурбай коюшту. Болот Шамшиев менен коштошуудагы ачуу сөз. Видео

Залкар режиссёр Болот Шамшиев акыркы сапарга узатылды. Аны менен коштошуу зыйнаты Бишкекте А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында өттү.
Sputnik

Улуу инсанды түбөлүк жайга узатууга бийлик өкүлдөрү, чет өлкөнүн элчилери, туугандары жана талантын урматтагандар келип катышты.

Касым-Жомарт Токаев: Болот Шамшиевдин элеси эсибизде түбөлүк сакталып калат
Болот Шамшиев үстүбүздөгү жылдын 21-декабрында 78 жаш курагында дүйнө салган. Анын сөөгү бүгүн, 24-декабрда, "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду. Топурак салууга президент Сооронбай Жээнбеков да барды.

Белгилүү кинорежиссёр Шамшиев "Кыргыз кино кереметин" жаратуучулардын бири. СССРдин эл артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти, II даражадагы "Манас" ордени жана башка сыйлыктардан ээси болгон.

"Ак кеме", "Караш-Караш окуясы", "Сүйүү закымдары", "Адамдардын арасында", "Эрте келген турналар", "Бөрү зындан", "Снайперлер", "Фудзиямадагы кадыр түн" жана башка атактуу кинолордун режиссёру.