Бишкек — Ош жолундагы абал боюнча Транспорт министрлиги маалымат берди

Жолчулар Көлбаев атындагы туннелдин алдына туз жана кум сээп жатат. Министрлик автокаттамга чектөө коюлбагандыгын билдирди.
Sputnik

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунда оор жүк ташуучу жана жеңил автоунаалардын каттамына чектөө киргизилген жок. Бул туурасында Транспорт жана жолдор министрлигинен кабарлашты.

Кар көчкү түшөт, сак болгула! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты
Кеп биринчи иретте Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк сыяктуу ашуулар туурасында болууда.

Министрликтен Көлбаев атындагы туннелдин кире беришинде кар тозоңу учуп, жолчулар аталган аймакты улам-улам тазалап жаткандыгын билдиришти. Учурда көк жалтаң муз болуп калбас үчүн туз жана кум сээп жаткандыктарын айтышты.

Кечээ кечинде кечки саат жети жарымдан тарта Бишкек — Ош жолундагы автокыймылга чектөө коюлуп, кардын катуу жааганынан улам жол тайгалак болуп, автотыгын жаралган.