Экс-мэр Албек Ибраимовго дагы соттун өкүмү чыкты

Мамлекеттик айыптоочулар сотко Ибраимовду мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга кесүүнү сунушташкан.
Sputnik

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстандын кабарчысы жеринен билдирди.

Жараян Ленин райондук сотунда өтүп, өкүмдү судья Бакыт Сагынбаев чыгарды.

Кол булгалап, ыйлап... Сапар Исаков баштаган аткаминерлердин сотунан видео
Мамлекеттик айыптоочулар сотко Ибраимовдун мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга кесип, мамлекеттик кызматтарда үч жылга чейин иштебей тургандай кылууну сунуштаган.

Албек Ибраимовго карата Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу"), борбор калаадагы жер тилкелерин бөлүштүрүүдөгү коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. УКМКнын маалыматына ылайык, Ибраимов мэр болуп турганда жеке тараптарга жер берүү боюнча коррупциялык схема түзгөн. Ал 2018-жылдын 19-июлунан бери камакта отурган.