"Кыргыз кереметинин" жылдызы өчүп... Болот Шамшиевдин сүрөттө калган ирмемдери

Sputnik

Кинорежиссёр Болот Шамшиев 1941-жылы 12-январда Фрунзеде (азыркы Бишкек шаарында) жарык дүйнөгө келген.

Мектепти бүткөн соң Москвадагы Бүткүл союздук кинематография институтуна тапшырып, 1964-жылы режиссёрдук факультетин аяктаган. Өмүрүн ата мекендик кинематографияга арнаган инсан "Караш-караш", "Ысык-Көлдүн кызгалдактары", "Сүйүү закымдары", "Ак кеме", "Эл арасында", "Эрте келген турналар", "Бөрү зындан", "Снайперлер" жана "Фудзиямага чыгуу" тасмаларын тарткан.

СССРдин эл артисти 1989-1995-жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин, андан кийин Жогорку Кеңештин депутаты, кийин Туризм жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору жана Кыргызстандын Бириккен Араб Эмирлигиндеги консулу болгон.

1 / 20
Болот Шамшиев өз тасмалары менен Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан
2 / 20
Режиссёр Москвадагы окуусун бүтүп келип эле кино тартууга киришкен
3 / 20
Ал СССРдин жана Кыргыз ССРинин эл артисти
4 / 20
Шамшиев келинчеги Айтурган Темирова менен айыл жеринде
5 / 20
Болот Шамшиев мыкты сценарист да болгон
6 / 20
"Ак кеме" тасмасын тартуу маалы. Режиссёр Шамшиев менен актёр Орозбек Кутманалиев
7 / 20
Актриса Айтурган Темирова жана Болот Шамшиев
8 / 20
Кичинекей Нургазы жана "Ак кеме" тасмасынын режиссёру Болот Шамшиев
9 / 20
Кинорежиссёр фестивалдарда бир топ эл аралык сыйлыктарды багындырган
10 / 20
Ал Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин жана Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган
11 / 20
Режиссёр кичинекей кызы Сүйүтай менен
12 / 20
Союз тарагандан кийин ал жеке кинокомпания ачып эмгектенген
13 / 20
Залкар Кыргызстандын Бириккен Араб Эмирлигиндеги консулу болуп да дайындалган
14 / 20
СССРдин эл артисти ондон ашык мыкты тасманын автору
15 / 20
Болот Шамшиев менен Асанкул Куттубаев тасма тартуу маалында
16 / 20
"Ак кемедеги" репетиция учуру
17 / 20
Залкар киночу үй-бүлөсү менен
18 / 20
"Фудзиямага чыгуу" актриса Алиман Жангорозова менен
19 / 20
Шамшиев бүт өмүрүн киного арнап, ага жан үрөп жашады
20 / 20
Ал жаштарга акыл-насаатын айтып, кеп-кеңешин аячу эмес