Елизавета IIнин күйөөсү ооруканага түштү

Букингем сарайы эми Филип жубайы Елизавета II менен иш-чараларга барары же барбасын өзү тандай тургандыгын билдирген.
Sputnik

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Улуу Британия ханышасы Елизавета IIнин жубайы Филип Лондондогу ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Букинген сарайынын жума аягында билдирүү тараткандыгын The Times басылмасы кабарлады.

"Эдинбург герцогу Норфолктон Лондондогу ооруканага жаткырылды. Ал дарыгердин кеңеши менен ооруну алдын алып, эртерээк текшерүүдөн өтүш үчүн келди", — деп айтылган билдирүүдө.

98 жаштагы ханзаданын кайсы илдети тууралуу кеп болуп жатканы такталган эмес.

The Times дарыгердин бул чечими ханзаданын акыркы апталардан бери саламаттыгы жакшы болбой келет деген имиштерди тастыктады деген маанайда жазган. Андан сырткары, герцог акыркы ирет суук тийгизип алганын кошумча билдирген.

Гезит Филип Норфолк графтыгындагы Сэндрингэм имениесинен кеткендигин, ал жерде Британ королдугунун үй-бүлөсү Рождествону жана кыштын арбын бөлүгүн адатта ошол жерден өткөрөрүн жазган.

Британиянын 97 жаштагы канзадасы машина айдап баратканда сүрөткө тартып алышкан
2017-жылдын жайында Эдинбург герцону монархиялык үйдүн коомчулук боюнча милдеттерин аткарып бүткөндүгүн расмий билдирген. Букингем сарайы эми ал жубайы Елизавета II менен иш-чараларга барары же барбасын өзү тандай тургандыгын билдирген. Ал улгайып калгандыгына жана милдеттерин үй-бүлөсүнүн жашыраак мүчөлөрүнө өткөрүп бергендигине карабай, сейрек болсо да эл алдына чыгып турат.

Ушул жылдын январь айында Филип Land Rover Freelander автоунаасын айдап бара жатып KIA унаасы менен кагышып, жол кырсыгына кабылган. Окуя королдук поместьеден анча алыс эмес, кыймыл көп жерде болгон. Жол тандабас ала салып кетип, британиялык ханышанын күйөөсүнө ошол жерден өтүп бара жаткандар жардамдашкан. Бактыга жараша, Филип эч нерсе болгон эмес. Бул кырсыктан кийин ал айдоочулук күбөлүгүн өз ыктыяры менен тапшырып берген.