Билими:
- 1964-жылы Москвадагы Бүткүл союздук кинематография институтунун режиссёрдук факультетин аяктаган.
Эмгек жолу:
- 1964-1990 — "Кыргызфильм" киностудиясында режиссёр-коюучу;
- 1989-1995 — Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин, андан кийин Жогорку Кеңештин депутаты;
- 1990 — "Салам-Алик" жеке кинокомпанияны негиздеп жетектеген;
- 1995 — "Манас" эпосунун 1000 жылдыгындагы театрлаштырылган оюн-зооктун башкы режиссёру;
- 1998 —1999 — Туризм жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору;
- 2000 —2002 — Кыргызстандын Бириккен Араб Эмирлигиндеги консулу.
Узакка созулган оорудан улам 2019-жылы 21-декабрда көз жумган.
Тарткан тасмалары:
- "Караш-караш";
- "Ысык-Көлдүн кызгалдактары";
- "Сүйүү закымдары";
- "Ак кеме";
- "Эл арасында"
- "Эрте келген турналар";
- "Бөрү зындан";
- “Снайперлер";
- "Фудзиямадагы кадыр түн".
Көп тасмага сценарист болгон. 1963-жылы студент кезинде "Зной" тасмасында сүрөтчү Кемелдин образын жараткан.
Шамшиев бир топ сыйлыктардын ээси, арасында Кыргыз ССРинин (1975) жана СССР эл артисти наамы да бар (1991).