Эки жыл ичинде рак илдетинен көз жумгандар. Жан кейиткен сандар

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына таянсак, залалдуу шишик оорусунан Кыргызстанда жылына миңден ашык адам көз жумат. Алардын ичинде аялдарга караганда эркектер басымдуураак.
Sputnik

Рак илдети Кыргызстанда эле эмес, дүйнө жүзүндө барган сайын өсүп келе жаткан коркунучтуу дарт. Дарыгерлер мунун себебин медицина өнүгүп, илдет аныктала баштаганы менен түшүндүрүшүүдө. Материалда колдонулган маалымат, сандар Саламаттык сактоо министрлигинен алынды. 

Эки жыл ичинде рак илдетинен көз жумгандар. Жан кейиткен сандар

Залалдуу шишиктин түрү көп. Анын ичинде Кыргызстанда ашказан рагынан каза болгондор арбын. Алсак, 2017-жылы оорунун бул түрүнөн 620 адам, 2018-жылы 528 бейтап көз жумган. Экинчи орунда кекиртек, өпкө жана өпкө бронхтору турат. Андан 2017-жылы 425, 2018-жылы 439 адам каза болгон. Аялдар көп кабылган эмчек жана жатын рагынан бир жылда 200дөн ашык аял каза болгонун статистика көрсөтүп турат.

Ракка чалдыккан балдар сепсистен көп көз жумат. Жаңы онкоборборго зар бейтаптар
Өлүм тооруган оорулардын катарына уйку бези, кызыл өңгөч, ооз көңдөй, ичке жана жоон ичегинин шишиктери да кирет. Дарттын бул түрлөрүнүн ар биринен эки жылда 100дөн ашык адам кайтыш болгон.

Аты жаман дарттын алдын алуу үчүн адамдар жылына жок дегенде бир жолу дарыгерге көрүнүп, бардык органдарын бир сыйра тарттырып коюшу керектигин ак халатчандар эскертип келишет. Рактан каза болгондордун көбү ооруканага дарты өтүшүп кеткенде, 3-4 баскычка жеткенде гана барышат. Мындан улам алардын өмүрүн сактап калуу мүмкүн болбой калып жатканын онкологдор баса белгилешүүдө.

Sputnik Кыргызстан агенттиги рактын ар бир түрүнө токтолуп, оорунун келип чыгышы, белгилери, алдын алуу жолдору тууралуу материал жасаган.