Белгилүү режиссёр Болот Шамшиев көз жумду

Кинорежиссёрдун буга чейин ден соолугу начарлап, жандандыруу бөлүмүндө дарыланып жаткандыгы кабарланган.
Sputnik

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. СССРдин эл артисти, белгилүү режиссёр Болот Шамшиев көз жумду. Бул тууралуу анын жакындары билдирди.

Буга чейин кинорежиссёр Болот Шамшиев ден соолугу начарлап, жандандыруу бөлүмүндө дарыланып жаткандыгы кабарланган.

Болот Шамшиев 1941-жылы 12-январда Фрунзе шаарында туулган. Кыргыз ССРинин эл артисти, СССРдин эл артисти наамдары бар. "Ак кеме", "Караш-Караш окуясы", "Сүйүү закымдары", "Адамдардын арасында", "Эрте келген турналар", "Бөрү зындан", "Снайперлер", "Фудзиямадагы кадыр түн" жана башка белгилүү кинолордун режиссёру.