150 кг салмак таштаган киши арыктоонун сырлары менен бөлүштү. Сүрөт

Күнүнө 20 миң калорий тамак жеген эркек кишинин салмагы 250 килограммга жеткен. Ошондон кийин гана арыктоону чечкен.
Sputnik

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Ашыкча тамак жегенден жапа чеккен Род-Айленд (АКШ) штатынын тургуну Майк Горман 150 килограммга арыктаганын айтып берди. Бул туурасында Daily Mail басылмасы жазды.

Аталган оорудан улам эркек киши күнүнө 20 миң калорий жеген. Натыйжада 46 жаштагы кишинин салмагы 250 килограммга жеткен. Ден соолугунда олуттуу өзгөрүүлөрдү байкаганда арыктоону чечкен.

"Арыктоонун сыры кетогендик диета болуп эсептелет. Мында курамында углеводу аз тамак менен майы көп азыкты жеш керек. Майк Горман күн сайын машыгуу залына да барып турган", — деп айтылат маалыматта.

Эки жыл ичинде америкалык киши 150 килограммга арыктаган. Ал салмак таштоо үчүн адам өзүнө ишенүүсү керек экендигин белгилеген.