Атышуу Москва убактысы боюнча саат 18:10дө (Бишкек боюнча 21:10) ФСБ имаратынын айланасында болгон. Анда белгисиз адам Большая Лубянка көчөсүндөгү №12 үйдүн жанынан ок чыгарган. Кылмышкер тез арада жок кылынган. ФСБдан билдиришкендей, ал жалгыз болгон, имараттын ичине кирип келе алган эмес. Окуя теракт катары бааланууда.
Кадрлардан кара кийимчен эркек киши Федералдык коопсуздук кызматынын имаратын бойлой чуркап бара жатканын көрүүгө болот. Болжол боюнча ал бир нече ирет ок чыгарган.
Кырсыктан беш киши жабыркап, ФСБнын бир кызматкери каза тапкан.
Россиялык ЖМКлардын жазышынча, кол салган адам Москвада төрөлгөн 39 жаштагы Евгений Манюров. Азырынча расмий маалымат жок.