ЕАЭБ макулдашуусу: мигранттар иштеген өлкөдөн пенсия ала баштайт

Бул макулдашууга чейин, мисалы, Кыргызстандын Россияда иштеген жараны пенсия фондуна акча төлөп, бирок бул үчүн компенсация алчу эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Кыргызстандыктардын ЕАЭБ өлкөлөрүнө кирген бардык мамлекеттердеги эмгек стажы пенсия берүү учурунда эске алынат. Мындай документке бүгүн Санкт-Петербург шаарындагы КМШ мамлекет башчыларынын бейрасмий жолугушуусунда кол коюлду.

"Бул макулдашууга чейин, мисалы, Кыргызстандын Россияда иштеген жараны пенсия фондуна акча төлөп, бирок бул үчүн компенсация алчу эмес. Бул туура эмес эле. Мындай жарандардын саны жылдан-жылга өсөт", — деди Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана финансы саясаты боюнча министри Тимур Жаксылыков.

Анын айтымында, келишим ЕАЭБ өлкөлөрүнүн парламенттери аны ратификациялагандан кийин күчүнө кирет.

"Эми биримдик ичиндеги бардык өлкөлөрдөгү стаж эске алынат. Мисалы, жаран Россияда иштеп, кийин өзүнүн мекенине кайткан күндө дагы Россия бере турган пенсиясын ошол учурда жашап жаткан жерге котортуп алса болот", — деп түшүндүрдү Жаксылыков.

Мындан сырткары, министр келишимди бардык мамлекеттер бирге демилгелегенин, бул маселе боюнча бир чечимге келүү бир нече жылды талап кылганын белгиледи.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттер эмгек мигранттарына пенсияны кантип төлөй турганын кененирээк Sputnik агенттигинин макаласынан окусаңыздар болот.