Постсоветтик шериктештик-2020: КМШнын күнү тууп жатабы же бүтүп бара жатабы

Россия Илимдер академиясынын Экономика институтунун илимий кызматкери Александр Караваев КМШнын келечеги жөнүндө кеп кылды.
Sputnik

28 жыл мурун Советтер Союзунун урашы Экинчи дүйнөлүк согуштай эле көпкө чейин унутулгус окуя болуп калды. Курамындагы республикалар ири кризистерден улам ыдырап кетти. Бирок постсоветтик алгачкы жылдары "Ири Союзду" жамааттык суверенитеттин жаңы принциптеринин негизинде жандандыруу аракети бар эле. Буга КМШ далил.

Башында кандай эле?

1990-1991-жылдардын эң башкы көйгөйү валюта фонддорунун жоктугу болчу. 1989-жылы СССР бюджетинин дефицити ички дүң продукциянын 10 пайызына жетип калган, ага кошумча G7 өлкөлөрүнөн жана Дүйнөлүк банктан алынган кыска мөөнөттүү насыялар боюнча карыз өсүп кеткен. Советтик экономика тушалып калгандай эле болду, ондогон заводдор бир продукция чыгаруу үчүн ар башка республикадан ташылчу тетиктерден көз каранды эле. Анын үстүнө керектөөчүлөр товарынын, биринчи кезекте тиричилик техникасынын дефицити, айыл чарбаны өнүктүрүүдөгү тоскоолдуктар да отко май тамызгандай болду. Бул көйгөйлөр 1970-жылдары эле жаралып, ошондон бери чечилбей келе жаткан.

Өзбекстан ЕАЭБге кирсе кыргызстандык фермерлерге сокку болбойбу?
Ал эми КМШ дал ошол көйгөйлөрдөн арылуу үчүн түзүлгөн. Мында шериктештик кыйынчылыктарды "жок кылып", бирок Советтер Союзунун артыкчылыгын сактап калууга ниеткер эле. Биримдиктин идеализми да, парадоксу да ушул болчу. Республикалар саясий көз карандысыздыкка, валюта-экспорттук саясатын өзү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө, мамлекеттик бюджетти толтуруунун Москвага тиешеси жок каналдарына ээ болду. Бирок Союз кездеги көйгөйлөр жоголуп кетпегени тез эле ачык-айкын болуп калды. Керек болсо Борбор Азия менен Түштүк Кавказда кырдаал курчуп кетти.

Ошол эле Москванын "борбордук башкаруусунун" ордунда боштук пайда болуп, аны тышкы күчтөр ээлеп алышты. Батыштын, өнүккөн донорлордун көңүлүн бурууга аракеттер башталса, экинчи жагынан коопсуздук жаатында бир топ тобокелчиликтер да жаралды. Элдин тынч жашоосу биринчи кезекте саясий туруктуулуктан көз каранды болуп келген. Абал азыр деле ошондой. Андыктан КМШнын регионалдык коопсуздукту камсыздоо жөндөмү ачык-айкын эле.

Келечектеги интеграциянын куну

КМШ алгачкы 10 жылда мураска калган көйгөйлөрдү териштирүү жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн эсеп-кысабын алуу менен алек болду. Москва жалгыз өзү жамааттык чечимдерди кабыл алуу милдетинен ажырап, аны калыбына келтирүүгө деле ашыккан жок. 2001-жылга карата КМШ интеграциянын алкагынан алып караганда өлөсөлү биримдик эле, алсыз, башкарууга оңой эмес, карыз менен дефицитке белчесинен баткан мамлекеттердин кошундусу болчу.

Бирок убакыт КМШга интеграциялык долбоор үчүн колдогу байланыштарды чыңдоочу аянтча катары ишеним арткан байкоочулар менен саясатчылар туура багытта ой жүгүрткөнүн көрсөттү. Азыр, 2020-жылдын босогосунда туруп, ЕАЭБ жар салган төрт негизги эркиндик КМШнын пайдубалына салынганын көрүп жатабыз. Алар:

  • жарандардын визасыз жүрүү эркиндиги (бул ишкерлик жана эмгек активдүүлүгү);
  • кош салыктан арылуу жана инвестицияларды коргоо боюнча макулдашуулардын алкагында капитал жүгүртүүнүн эркиндиги;
  • экспорт жана импорт операциялары үчүн эркин соода аймагы;
  • транспорт жана логистикалык компаниялардын өз ара аракеттешүүсүнөн улам транспорт инфраструктурасынын бирдиктүү комплекси.

Россия КМШ өлкөлөрү үчүн азыр деле агрардык продукциянын негизги рыногу бойдон калууда. Мындан тышкары, негизги эмгек рыногу да ушул жерде. Өз кезегинде КМШ Россия үчүн автоунаа, жабдуу, курулуш материалдары, химиялык продукция сыяктуу даяр товарларды экспорттоочу негизги аймак.

Өзгөрүү жана кызыл чек

Эксперт: КР аткаминерлердин кашаңдыгынан ЕАЭБди толук пайдалана албай жатат
2001-2011-жылдары КМШ мамлекеттеринин өз ара аракеттешүүсү кыйла өзгөрдү. Буга ири оюнчулардын, алсак, Кытайдын Борбор Азияда күчтүү субъект катары пайда болушу, КМШнын батышчыл тобу менен Түштүк Кавказга Евробиримдиктин таасири, НАТОнун КМШ мейкиндигине жайылуу аракети себеп болду. Мында Россия жана КМШнын алдыңкы делген Казакстан, Белоруссия, Азербайжан жана Өзбекстан сыяктуу мамлекеттеринин мүмкүнчүлүктөрү кескин кеңейип, мойнундагы көп милдетти бир эле учурда аткаруу жөндөмүнө ээ болду.

КМШ өлөсөлү деген сыпаттамадан өттү. Биринчи кезекте комплекстүү интеграциялык кооперацияны түзүү үчүн Россиянын мүмкүнчүлүгү оголе көбөйдү. Ушу тапта жаңы процесс жүрүп жатат. Россия, мисалы, Абхазия менен Түштүк Осетияны таануу сыяктуу геосаясий биримдик жаатында кескин талаптарды койбосо да чекти так аныктоодо — НАТОнун кеңейишине жол берилбейт.

КМШдан ЕАЭБге чейин

Беш жыл мурун КМШ айдыңында Евразиялык экономикалык биримдик (ЕАЭБ) түзүлгөн. Ошол эле учурда Москва батыш цивилизациясынын лидер структурасы жана ЕАЭБдин маанилүү өнөктөшү катары Евробиримдикке да координация сунуштаган.

Бирок сунулган кол сууган боюнча калды. ЕАЭБ теңтайлаша алчу өнөктөш катары кабыл алынган жок.

Бүгүнкү күндө Россиянын айланасындагы экономикалык чек жоюлду. Жаңы этап башталууда. Бул өтө татаал геосаясий шартта жүрө турган толук кандуу, заман талабына шайкеш келген интеграция. Процесстин модулдук алгоритмдери Сербиядан Египет менен Вьетнамга чейин өнөктөш тартууга өбөлгө түзөт. Албетте, мындай жагдай 1990-жылдардагы кырдаалдан кескин айырмаланып турат.

Жалгыз бой эненин жалгыз уулу. КМШ президенттеринин бир туугандары
КМШ ЕАЭБге кирип кетет деген жаңылыш пикир. Биримдиктин эркин соода аймагы Россия жана анын өнөктөштөрүнө канча убакытка чейин керек болсо ошончого чейин иштейт. Бул биринчи кезекте кийинки жылы биримдикке төрагалык кылчу Өзбекстанга, ошондой эле ЕАЭБге кирбесе да анын өзөгү менен байланышын бекемдеп келе жаткан Азербайжанга керек.

Жакынкы арада ЕАЭБде биримдиктеги ишкерге же эркин соода аймагынын өкүлүнө экспорттук борбордун маалымат базасынан тез аранын ичинде өнөктөш табууга, инфраструктуралык банктардан насыялык колдоо алууга, ыңгайлуу логистикага жана улуттук валюта менен төлөм жүргүзүүгө жол берген опция иштелип чыкмакчы. Мындай система 2024-жылга чейин даяр болот деп жатышат. Ошол маалга карата энергетика менен мобилдик байланыштын жалпы рыногу, Евро-Азиялык өнүктүрүү банкы менен Россиянын инфраструктуралык банкы тарабынан каржылоонун өсүшү, рубль менен соода жүргүзүү, ички кооперациянын долбоорлорунун көбөйүшү, жалпы пенсиялык система сыяктуу долбоорлор ишке кирип, болбосо даяр болуп калары белгилүү болду.