БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Түштүкафрикалык боксчу Руанс Виссер оор салмактагы чемпиондук наам үчүн беттеш алдында олдоксон кыймылынан улам жаракат алды.
Fox Sports сайтынын маалымдашынча, эң оор салмактагы спортчу (91 килограммдан жогору категория) рингде Тиана Фик менен жолукмак. Бирок беттештин алдында ал рингден кулап кетип, мелдеш токтотулган.
Окуя видеого тартылып калган. Кадрлардан Виссер рингди айланып, анын чекесиндеги канаттарга жөлөнүп, бекемдигин текшерип жатканын көрүүгө болот. Алгач биринчисине ийилип, андан кийин экинчисине барып катуу жөлөнгөндө жиптери үзүлүп кетип, артка кулап түшкөн.
Башка ракурстан тартылган видеодо боксчу олуттуу жаракат албаганын көрүүгө болот. Анткен менен анын мелдеши болбой калган.
Ал эми аргентиналык мушкер атаандашына бир да сокку жасабай туруп утуп алган видеону материалдан көрүңүздөр.