"Бишкек сулуусу" сынагын 21 жаштагы Ширин Намазбекова жеңип алды. Сүрөт

Наам үчүн 16 жаштан 28 жашка чейинки 30 селки ат салышты. Жеңүүчүгө таажыны шаардын былтыркы сулуусу Сезим Асранкул кызы такты.
Sputnik

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. "Бишкек сулуусу — 2019" сулуулук сынагынын жеңүүчүсү Ширин Намазбекова болду. Бул тууралуу Sputnik агенттигине уюштуруучулар билдирди. 

"Бишкек сулуусу" сынагын 21 жаштагы Ширин Намазбекова жеңип алды. Сүрөт

Сынак кечээ, 18-декабрда, борбордогу банкет залдардын биринде болду. Наам үчүн 16 жаштан 28 жашка чейинки 30 селки ат салышты. 

"Бишкек сулуусу" сынагын 21 жаштагы Ширин Намазбекова жеңип алды. Сүрөт

Жеңүүчүгө таажыны шаардын былтыркы сулуусу Сезим Асранкул кызы такты.

Таажынын жаңы ээси 21 жашта. Ал Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеттин юридикалык факультетинде окуйт.

Биринчи вице-мисс Табият Өскөнбаева болду. Экинчи вице-мисс деп Ясмина Сивожелезова табылса, үчүнчү вице-мисс наамына Айжан Талантбекова татыды. "Бишкектин супермодели" атайын наамын Айгүл Бектемирова жеңип алды.

Аталган сынак 2012-жылдан бери өтүп келет.