Боомдо рельстен чыгып, оодарылып калган поезддин видеосу жарыяланды

Бүгүн, 18-декабрда, эртең менен көмүр ташып бара жаткан вагон Балыкчы — Жел-Арык жолунда кырсыкка кабылган.
Sputnik

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Sputnik Кыргызстандын аймактык кабарчысы Боом капчыгайында рельстен чыгып кеткен жүк ташуучу поезддин кырсыктан кийин тартылган кадрларын жөнөттү.

Окуя бүгүн, 18-декабрда, эртең менен болгон. Андан сегиз вагондуу поезд Балыкчы — Бишкек багыты боюнча көмүр ташып бара жатып Көк-Мойнок айылынын тушунда рельстен чыгып кетип, оодарылып калган. Темир жол кыймылы убактылуу жабылган.

Кырсык болгон жерден тартылган видео "Короче" Telegram-каналына жарыяланды.

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы темир жол кыймылын калыбына келтирип жатат. Кырсыктан каза тапкандар же жабыркагандар жок экендиги айтылды.