Кыргызстандыктардын акысыз билим алуусу үчүн учурда үч өлкө орун берди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады. Алар Кытай, Венгрия жана Индия. Башка мамлекеттер менен өлкө аралык келишим бар, бирок алар азырынча сынак жарыялай элек.
Венгрия — 75 гранттык орун
Бул программанын талаптарынын бири — окууга тапшыра турган адамдын жаш курагы 18 жаштан кем болбошу керек.
Түзүлгөн шарттар:
- акысыз окуу;
- окуусун аяктаганга чейин ай сайын бакалавр жана магистратурада окугандарга 40 460 форинттен (10 миң сомго чукул) стипендия, ал эми докторантурада окугандарга 140 000 форинттен (35 миң сомго чукул) стипендия берилип турат.
- жатакана;
- медициналык камсыздандыруу.
Венгрияга барууну каалагандар 2020-жылдын 15-январына чейин системасына катталып, керектүү документтерин тапшырышы керек. 2020-жылдын 31-январына чейин Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигине документтерди кагаз түрүндө жеткирип бериши зарыл.
Керектүү документтер:
- Арыз;
- арыз ээсинин анкетасы;
- арыз ээсинин резюмеси;
- жалпы жарандык паспорттун көчүрмөсү (же ID картасы);
- жетишкендик тууралуу окуу жай тарабынан бекитилген көчүрмө (транскрипт);
- англис тилди билгендигин тастыктаган сертификаттар (TOEFL, IELTS);
- үй-бүлөнүн курамы тууралуу маалымкат;
- сертификат, диплом, ардак грамоталар, макала жана илимий публикациялар (магистрант жана докторанттар үчүн) талапкердин ийгилиги тууралуу жана башка документтер;
- 086 формасындагы медициналык маалымкат;
- СПИД менен оорубагандыгын тастыктаган маалымкат.
Кытай — 13 гранттык орун
Кытайда билимин жогорулатам дегендер керектүү документтерин 2019-жылдын 30-декабры саат 17:00гө чейин Билим берүү жана илим министрлигине тапшыруусу керек.
Керектүү документтер:
- Арыз;
- Анкета;
- англис жана орус тилдеринде резюме;
- паспорттун көчүрмөсү;
- англис тилине которулган жана нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн орто билим жөнүндө аттестаты же окууда жетишкендиги тууралуу көчүрмөсү;
- кытай тилин билүү деңгээлин тастыктаган (HSK) күбөлүгү (сөзсүз түрдө);
- англис тилин билүү деңгээлин тастыкталган (TOEFL, IELTS) күбөлүк (сөзсүз түрдө эмес);
- 3х4 формасындагы алты сүрөт;
- СПИД менен оорубагандыгын тастыктаган маалымкат;
- окуу жайы тарабынан эки сунуш кат (англис тилинде);
- үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалымат.
Талаптары:
- "Кытай тил такшалмасы" программасын тандай турган болсо, арыз ээсинин жаш курагы 18 жаштан жогору болушу керек;
- "Бакалавр" программасы боюнча — 18 жаштан 25 жашка чейин;
- "Магистратура" программасы боюнча — 35 жашка чейин;
- "Докторанттар" программасы боюнча — 40 жашка чейинкилер болушу керек.
Индия — алты орун
Талапкерлер керектүү сертификат менен документтерди Индиянын маданият мамилелер кеңешинин сайтына кирип онлайн түрүндө толтурууга тийиш.
Андан сырткары, төмөндө көрсөтүлгөн документтердин көчүрмөлөрүн 2020-жылдын 15-январына чейин Индиянын Кыргызстандагы элчилигине жеткирүүсү керек. Дареги: Бишкек шаары, Махатма Ганди көчөсү, 100-А. Байланыш номери: 0312 97 92 56.
Түзүлгөн шарттар:
Ай сайын стипендия төлөнүп турат. Алсак:
- Бакалавриат — 250 доллар (18 миң сомго чукул)
- Магистратура — 280 доллар (20 миң сомго чукул)
- Докторантура — 310 доллар (22 миң сомго чукул)
Мындан сырткары, жатаканасын төлөп берет.
Керектүү документтер:
- Арыз;
- паспорт;
- 3,5x4,5 формасындагы сүрөт;
- сертификат, диплом, ардак грамоталар, макала жана илимий публикациялар сыяктуу талапкердин ийгилигин тастыктаган документтер;
- окуган жеринен кат же мүнөздөмө;
Англис тилин билүү шарт, бирок тил билүү деңгээлин текшерген тест Индияда өткөрүлөт.
Документтерди толтуруп жатканда алардын көчүрмөсүн гана жөнөтүү кажет.