Жээнбековдун Эр-Рияд сапары: кызматташуу үчүн кол коюлган документтердин тизмеси

Алаканы жакшыртуу үчүн эки тараптын өкүлдөрү билим берүү, спорт баштаган бир нече тармактар боюнча алты документке кол койду. 
Sputnik

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун Сауд Аравия Падышалыгына расмий сапарынын алкагында, бүгүн, 16-декабрда, Эр-Рияд шаарында бир катар документтерге кол коюлду.

Жээнбеков падыша Салман бин Абдельазиз Аль Сауд менен жолуккан. 

Кол коюлган документтер:

Кыргызстандын өкмөтү менен Сауд Аравия Падышалыгынын өкмөтүнүн ортосундагы жарандык коргоо жана коргонуу тармагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө;

Кыргызстандын өкмөтү менен Сауд Аравиясынын өкмөтүнүн ортосундагы спорт чөйрөсүндө кызматташуу тууралуу;

Президент элдин үнүн укту. Кыргызстандын аймагында уран казууга тыюу салынды
КР өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы менен Сауд Аравиясынын Айыл чарба, айлана-чөйрө жана суу ресурстары министрлигинин ортосундагы айыл чарба азык-түлүктөрүнүн ветеринардык коопсуздугу боюнча кызматташуу жөнүндө;

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен Сауд Аравиясынын Билим берүү министрлигинин ортосундагы билим берүү жана илим чөйрөсүндө кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө;

Кыргызстандын Социалдык фонду менен Сауд Аравиясынын Мамлекеттик пенсиялык агенттигинин ортосундагы пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө;

Кыргызстан менен Сауд өнүктүрүү фондусунун ортосундагы Ысык-Көл айланма жолун (Балыкчы — Каракол — Балыкчы) реконструкциялоо долбоору боюнча насыялык макулдашуу.