Уйкуну качырган азыктар аталды. Тизме

Адистердин айтымында, организм кандагы кантты азайтуу үчүн инсулин чыгарат. Бул гормондордун, башкача айтканда, уйкунун бузулушун шарттаган адреналин менен кортизолдун бөлүнүп чыгышына алып келет.
Sputnik

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Курамында рафинаддалган углеводу бар азыктар уйкусуздукту шарттайт. Мындай бүтүмгө Колумбия университетинин алдындагы Дарыгерлер жана хирургдар колледжинин изилдөөчүлөрү келгенин MedicalXpress жазды.

Эмне себептен кымбат кийингендерге ишеним көбүрөөк? Жаңы иликтөө
Илимий иштин авторлору постменопаузадагы (айыз цикли токтогон  — ред.) 50 миңдей аялдын ичкен тамагын талдап чыгышкан. Алардын жыйынтыгына ылайык, кумшекер, ак нан жана күрүч сыяктуу азыктар кандагы канттын деңгээлин жогорулатып иет. Бул өз кезегинде уйкуну качырат.

Адистердин айтымында, организм кандагы кантты азайтуу үчүн инсулин чыгарат. Бул гормондордун, башкача айтканда, уйкунун бузулушун шарттаган адреналин менен кортизолдун бөлүнүп чыгышына алып келет.

Мындан улам окумуштуулар уйкуну жакшыртуу үчүн тамак-ашка жашылча-жемиштерди арбыныраак пайдаланууну сунуштайт.