Расмий аккаунт Россиянын Конституция күнү туурасында билдирүү жарыялаган соң бөгөттөлгөн. Ушул тапта жазылуулар да, катталуучулары да жок экени көрсөтүлүүдө. Twitter Конституция күнү жөнүндөгү постту да өчүрүп салган. Sputnik агенттигинин кабарчысы Лев Рыжков окуянын күнгөй-тескейине токтолду.
Техникалык себептерден уламбы?
Россотрудничествонун жетекчисинин орун басары Михаил Брюханов түзүлгөн кырдаал боюнча Sputnik агенттигине өз пикирин билдирди.
"Биздин кызматкерлер социалдык медианын аталган бутагынын өкүлчүлүктөрүнөн расмий түшүндүрмө алууга аракет кылууда. Биз жарыялаган пост социалдык медианын администраторлорунун мындай реакциясын жаратканы акылга сыйбайт. Менимче, бул боюнча кандайдыр бир түшүндүрмө издеп, ал тургай, техникалык негиздемелерди да көрсөтүшү мүмкүн. Биздин жана катталуучуларыбыздын укугун бузуулар тез арада токтойт деп ишенебиз", - деди ал.
Басмырлообу же мүчүлүштүкпү?
Жагдайдын мындан аркы өнүгүшү боюнча оюн Адвокаттардын федералдык палатасынын вице-президенти, Коомдук палатанын мүчөсү, Россиянын эмгек сиңирген юристи Владислав Гриб Sputnik окурмандарына ортого салды.
"Техникалык себеби болбосо, кайсы бир деңгээлде Россотрудничествонун баракчасынын бөгөттөлүшү – болбогон, түшүнүксүз кадам, - дейт Владислав Гриб. – Бирок техникалык мүчүлүштүк эмес экени айкын. Андай болгондо дароо Россотрудничестводон кечирим сурамак. Эгер бизнесте ушундай кырдаал жаралса, компания тийиштүү доо арыз бермек. Кандай болгон күндө да бул абройго доо кетирет, саясый өңүттөгү басмырлоо болуп саналат".
"Twitter ченемдик-укуктук базага, анын ичинде өзү иш алып барып жаткан аймактын – Россия Федерациясынын мыйзамдарына шилтеме кылуу менен жооп берүүгө тийиш, - деп билдирет Гриб. - Жооп жана документтерди алган соң маселе сотко жеткирбестен же соттук тартипте чечилет. Бирок кандай болсо да Twitter социалдык медиасы так жооп берер. Бул суроолорго жооп алгандан кийин укуктук мүнөздө чара көрүүгө болот. Мыйзамдык негиз болбостон, жарандарды да, уюмдарды да, юридикалык жактарды да кысымга алууга болбойт".
Юристтин айтымында, Россотрудничество Россия Федерациясынын жарандарынын укуктары бузулуп жаткандыктан, Байланыш, маалыматтык технологиялар жана массалык коммуникациялар федералдык кызматына (Роскомнадзор) да кайрыла алат.