700 млн. доллардын чуусу. УКМК журналисттик иликтөөнүн материалдарын алды

2019-жылдын ноябрь айынын аягында Кытайдан ташылган аткезчилик боюнча бир нече ЖМКнын биргелешкен иликтөөсү жарыяланган. Ал коомдо бир топ талкуу жана эки ача пикирлерди жараткан.
Sputnik

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Кыргызстандан чыгарылган 700 миллион доллар тууралуу журналисттик иликтөөнүн материалдары толугу менен УКМКга өткөрүп берилди. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.

"Ведомстволор аралык топ Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 39 жана 130-беренесине («Адам өмүрүнө кол салуу») ылайык каттоого алынган иш боюнча сотко чейинки өндүрүшүн улантууда. Журналисттик иликтөөдө айтылган бардык тараптар суракка алынат", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле буга чейин суракка күбө катары Чек ара кызматынын мурдагы офицерлери Айбек Камчыбеков менен Марлис Осмонбеков чакырылганы кошумчаланды. Алар 2018-жылы "Манас-аэропорт" өткөрүү пунктунда иштеген.

Мындан тышкары, УКМК журналисттерге жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө Кыргызстандын аймагында турган учурда коопсуздугун камсыздоого кепилдик берилерин билдирди.

Окуянын чоо-жайы

Матраимовдордун доосу. Сот үч медиа менен журналисттин эсебин камактан чыгарды
2019-жылдын ноябрь айынын аягында Кытайдан ташылган аткезчилик боюнча бир нече ЖМКнын биргелешкен иликтөөсү жарыяланган. Анда бир тууган Матраимовдор, атап айтканда, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовдун ишкер Хабибула Абдукадыр менен иш кылганы баяндалат. Материал 10-ноябрда Стамбулда өлтүрүлгөн ишкер Айэркен Саймаитинин көрсөтмөлөрүнө негизделген. Саймаити бир нече жыл ичинде Кыргызстандан 700 миллион доллардан ашык каражатты чыгарып кеткенин айтып берген. Ишкер өлөр алдында журналисттерге коррупциялык схемалар тууралуу билдирип, аларды далилдей турчу документтердин көбүн берип, айрымына үлгүрбөй калган.

25-ноябрда Бишкек менен Каракол шаарында коррупцияга каршы митинг өтүп, уюштуруучулар Райым Матраимовдун кармалышын талап кылышкан.