ӨКМ Япониядан 263 миң долларлык жабдуу алды. Сүрөт

Жаңы жабдуу кырсыктардын санын азайтып, суучулдарды окутуу иштеринин натыйжалуулугун арттырууга өбөлгө болору белгиленди.
Sputnik

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Япония өкмөтү Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 263 миң долларлык суучулдардын жабдуусун бергенин аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Салтанатка Япониянын Кыргызстандагы элчиси Маэда Сигэки менен ӨКМдин өкүлдөрү катышты.

"Япониянын долбоорлордон тыш жумшалчу грантынын алкагында суучулдардын жабдуусу, шаймандары жана куткаруучу каражаттар берилди. Бул сууда кырсык болгон учурда өз маалында натыйжалуу жардам берүүгө шарт түзөт", — деп айтылат маалыматта.

Шаймандар суучул-куткаруучуларды окутуу ишине да чоң көмөк көрсөтөрү белгиленди.