Кыргызстан менен Россиянын вице-премьерлери жолукту. Эмне кеп болду

Иш-чаранын алкагында россиялык тарапка Иш-чаралардын консолидацияланган планынын долбоору берилип, анын айрым негизги пункттары талкууланды.
Sputnik

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Вице-премьер Жеңиш Разаков Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары — өкмөттүн аппарат жетекчиси Константин Чуйченко менен жолугушканын министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.

Тараптар 2020-жылы кайчылаш жылын өткөрүү маселелерин талкуулашкан.

"Учурда Кыргыз-Россия алакалары интенсивдүү жана динамикалуу өнүгүүдө. Бул саясий диалогго гана эмес, экономикалык, маданий, гуманитардык жана соода чөйрөлөрүндө өз ара иштешүүгө да тийиштүү. Азыркы тапта эки мамлекеттин башчылары тарабынан жалпы тарыхый жана өз ара пайдалуу кызматташууну эске алуу менен кайчылаш жыл өткөрүү тууралуу чечим кабыл алынган", — деди вице-премьерРазаков.

Өз кезегинде Чуйченко кайчылаш жыл алкагында бир катар иш-чараларды жүзөгө ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Жээнбеков февралда Москвага сапар алып, Путин менен жолугушуусу мүмкүн
"Мунун баары соода-экономикалык кызматташууну чыңдоого, энергетика, медицина, фармацевтика, өнөр жай, айыл чарба тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталган. Кыргызстан тууралуу маалымдар кылуу үчүн 2020-жылы кыргыз тараптын Санкт-Петербург экономикалык форумуна катышуусунун алкагында атайын панель уюштуруу максаттуу деп эсептейм", — деди Чуйченко.

Жолугушуунун алкагында россиялык тарапка Иш-чаралардын консолидацияланган планынын долбоору берилип, анын айрым негизги пункттары талкууланды. Анын ичинде Кайчылаш жылдын ачылыш салтанатын өткөрүү, ага эки мамлекеттин башчыларынын катышуусу, Ржева шаарында 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон кыргызстандык аскерлердин элесине арналган эстелик тургузуу, ошондой эле кыргыз ардагерлеринин Москва шаарында Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышуусу каралган.