Анкарада жамгыр алдында ачылган Айтматовдун эстелиги. Сүрөттөр

Чыңгыз Айтматовду Түркия, жалпы түрк эли пир тутуп, ага таасирленип, табынып, урмат менен мамиле жасап келет. Буга чейин аталган мамлекетте алп жазуучунун бир нече айкели орнотулган.
Sputnik

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Түркиянын Анкара шаарынын Кечиорен муниципалитетинде жайгашкан Чыӊгыз Айтматов атындагы паркта улуу жазуучунун эстелиги ачылды. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Эстеликти Анкара шаарынын Кечиорен мэриясы жасатып, орноткон.

Иш-чарага Түркиядагы аткаминерлер, тагыраагы, президент Режеп Тайып Эрдогандын башкы кеңешчиси Ялчын Топчу, Кечиорен муниципалитетинин мэри Тургут Алтынок, Анкарадагы башка мамлекеттердин элчилери, Түркиянын министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү жана жетекчилери, бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышкан. Андан сырткары, кыргызстандык, түркиялык студенттер, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, Түркиянын аймагында жашаган кыргыз жарандарынын диаспораларынын өкүлдөрү катышкан.

Аталган иш-чарада залкар жазуучуну эскерип, анын чыгармаларын дүйнө эли сүйүп окугандыгы тууралуу сөз болду.

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Ѳмүралиев Айтматовдун эстелигинин ачылышындагы иш-чарага активдүү катышкан бардык конокторго, жазуучунун күйөрмандарына, Кечиорен муниципалитетинин мэрине жана скульпторлорго терең ыраазычылыгын билдирди.

"Айтматов сүрөткер, ойчул жана адабияттын көрүнүктүү ишмери катары биздин замандын эӊ улуу жазуучуларынын бири. Бул иш-чара дагы бир жолу Айтматовду бардыгыбызга эскертти", — деген ал.

Айтматов салып кеткен чыйыр. "Ысык-Көл форуму" тууралуу 10 факты
Чыңгыз Айтматовду түркиялыктар, түрк эли пир тутуп, урмат менен таасирленип, табынып мамиле жасаганы туурасында Sputnik Кыргызстан жарыялаган "Жазуучу жана Түркия тууралуу 17 фактыдан" окусаңыздар болот.

Айтмакчы, бул күнү Конья шаарында билим алып жаткан кыргыз студенттери Айтматовдун туулган күнүнө карата "Кыргызстан жана Айтматов" аттуу иш-чара өткөрдү.