Мамкомиссия: Атамбаев менен Ниязовдун пикирин угуудан баш тартканбыз

Парламент бүгүнкү жыйынында 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуяларды иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусун карады.
Sputnik

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. 7-8-августта Кой-Таштагы окуяны иликтеген мамлекеттик комиссиянын төрагасы, депутат Тынчтык Шайназаров мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен анын жардамчысы болгон Фарид Ниязов комиссияга келип пикирин билдирүүнү каалаганын, бирок алар андан баш тартканын билдирди.

Парламент бүгүнкү жыйынында 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуяларды иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусун карады.

"Кесиптешим мурдагы президент Атамбаев менен Ниязов комиссияга келип, маалымат берип, оюн билдирүүгө аракет кылганын айтып жатат. Туура, бул маселе комиссиянын отурумунда көтөрүлгөн. Бир тобу макул болуп, барып угалы деген, бир тобу каршы чыккан. Каршы болгондордун себеби, өз убагында экс-президент бул комиссияны тааныбайм, бүгүнкү бийлик мыйзамсыз, тергөө, сот мыйзамсыз, бүт баары туура эмес деген. Ошондуктан бул маселе добушка коюлуп, чечилген", — деди Шайназаров.

Жоопкерчилик Атамбаевдин мойнунда! Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын тыянагы
Ал эми мамкомиссиянын чакыруусун кабыл албаган депутаттардын бири Асел Кодуранова эмне үчүн андай кадамга барганын айтып берди.

"Комиссия түзүлгөндө эле анын курамындагыларда маселе бар экенин билип, алар бир тараптуу чечим чыгарарын билгенбиз. Мына бүгүн ушундай болду. Биз Ирина Карамушкина экөөбүз барбасак дагы Атамбаев менен Ниязов комиссияга барып өз оюн айтып беребиз дегенде комиссия четке каккан", — деди ал.

Кодуранова мамлекеттик комиссиянын өкүлдөрүнө кайрылып, жок дегенде тарых үчүн Атамбаев менен Ниязовдун оюн билип койсо болмоктугун кошумчалады.