Сүйүнчү! Ак калпакты жасоо өнөрү жана кийүү маданияты ЮНЕСКОго кирди

Колумбиянын Богота шаарында ЮНЕСКО уюмунун комитетинин мамлекеттер аралык бейзаттык маданий мурастарды сактоо сессиясы өтүп, ар кыл номинациялар каралган.
Sputnik

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Кыргыздардын ак калпагын жасоо өнөрү жана кийүү маданияты ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине кирди. Бул тууралуу "Кийиз дүйнө" коомдук фонду Instagram баракчасы аркылуу билдирди.

Бүгүн, 12-декабрда, Колумбиянын Богота шаарында ЮНЕСКО уюмунун комитетинин мамлекеттер аралык бейзаттык маданий мурастарды сактоо сессиясы өткөн. Анын алкагында "Кыргыздардын ак калпагын жасоо өнөрү жана кийүү маданияты" номинациясы маданий мурастар тизмесине өткөн.

Кыргызстан алгачкы ирет ЮНЕСКОнун аткаруучу кеңешинин курамына кирди
ЮНЕСКО — билим берүү, илим жана маданият жаатында иш алып барган БУУнун адистешкен мекемеси. 1992-жылы негизделген. 1997-жылдан тарта жалпы адамзат үчүн баалуу деп эсептелген табигый жана колдон чыккан объектилерди аныктоо боюнча иш жүргүзүп келет. 2003-жылдан баштап уюм ар кыл маданияттын материалдык эмес мурасын сактоо жаатында иш алып барат.

ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарына "Манас, Семетей, Сейтек" эпикалык үчилтиги, кыргыз-казак элине орток "Айтыш" өнөрү, ала кийиз менен шырдак, Кыргызстан менен Казакстандын атынан боз үй даярдоо боюнча салттуу билим жана ыкмалары, катырма-жупка, Нооруз майрамы жана көк бөрү оюну кирген.

Ал эми ЮНЕСКОнун дүйнөлүк маданият жана жаратылыш мурастары боюнча тизмесине Кыргызстандын атынан кирген жайларга Сулайман-Тоо, Жибек Жолу: Тянь-Шань коридорундагы маршрут (Бурана, Ак-Бешим, Красная Речка), Батыш Тянь-Шань (Сары-Челек, Падыша-Ата, Беш-Арал) кирген.

Кыргызстандын ЮНЕСКОдо катталган маданий мурастары тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуй аласыздар.