РИИБ: Бишкекте чогуу жашаган адамына бычак урду деп 24 жаштагы келин кармалды

Укук коргоо органдары издөө иштеринин натыйжасында 24 жаштагы А.Ж. аттуу келинди кармап, убактылуу тергөө абагына киргизген. Ал бирге жашаган адамы менен чатакташа кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Милиция өзү менен бирге жашаган адамына бычак урду деп шектелген келинди колго түшүрдү. Бул туурасында Октябрь райондук ИИБдин маалымат кызматынан кабарлашты.

РИИБ: Бишкекте чогуу жашаган адамына бычак урду деп 24 жаштагы келин кармалды

Билдирүүгө ылайык, бычак жеген бейтап тууралуу маалымат милицияга 10-декабрь күнү саат 13:50дө Улуттук госпиталдан түшкөн. Анда Т.А. аттуу эркек кишиге "теринин үстүнөн кесилген жаракат" деген диагноз коюлганы белгилүү болгон.

Токмокто практиканттын колуна кишен салып тийишкен деп милиционер айыпталууда
Натыйжада Октябь райондук ИИБдин ыкчам-тергөө тобу бейтапка аны менен чогуу жашаган кыз бычак шилтегенин аныктаган. Алардын чатакташа кеткени белгилүү болгон.

Милиция издөө иштеринин натыйжасында 24 жаштагы А.Ж. аттуу келинди кармап, убактылуу тергөө абагына киргизген.

Аталган факт Жазык кодексинин 138-беренеси ("Ден соолукка оор залакка келтирүү") менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды.