Жогорку сот Аида Салянованын ишин кайра кароодон баш тартты

Эки жыл мурда Аида Салянованы беш жылга кесүү чечими чыккан. Бирок жаза өтөө мөөнөтү төрт жаштагы кызы 14 жашка чыкканга чейинки убакытка жылган.
Sputnik

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын ишин жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо сунушу четке кагылды. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.

Мамкомиссия: Атамбаев менен Ниязовдун пикирин угуудан баш тартканбыз
2017-жылдын 10-октябрында Аида Саляновага "кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланган" деген айып тагылып, беш жылга эркинен ажыратылган. Ошондой эле мүлкү конфискацияланган. Бирок анын төрт жаштагы кызы 14 жашка чыккыча, тагыраагы, 2029-жылга чейин жаза өтөө мөөнөтү жылган.

Салянованын адвокаты жаңы ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра кароо өтүнүчүн келтирген, бирок бүгүн, 12-декабрда, Жогорку сот сунушту четке какты.