БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков расмий сапар менен Бириккен Араб Эмирлигине учуп кетти. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында билим берүү, маданият, туризм тармактарында, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, анын ичинде Бишкек шаарында Ислам академиясын куруу боюнча бир катар эки тараптуу макулдашууларга кол коюлары күтүлүүдө.
"Мындан тышкары, БАЭнин Соода-өнөр жай палатасынын, ири компаниялардын жана ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугат. Соода-экономикалык жана инвестиция чөйрөлөрүндө эки тараптуу өз ара кызматташууну өркүндөтүү маселелери талкууланат. Ошону менен бирге Зайед Фондунун башкы директору Хамад Салем бин Кардоус аль-Амери жана БАЭде убактылуу жашап жаткан мекендештер менен жолугат", — деп айтылат маалыматта.
КР делегациясынын курамында тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, президенттик аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары Марат Аманкулов, Зарылбек Рысалиев, Нурбек Алимбеков, Камчыбек Жолдошбаев, Улугбек Ормонов, Эмил Токтошев, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров, өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов жана экономика министри Санжар Муканбетов бар.